Print this page

Жапон менен жашыл инновациялар жана соода алакаларын бекемдөө

Среда, 09 Апрель 2025 08:46

Кечээ Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев Жапон профессорлор делегациясы менен жолугушту. Делегацияны Промышлендык өнөр жай технологиялары боюнча алдыңкы институттун (AIIT) тышкы иштер боюнча директору, профессор Маэда жетектеди.

Жолугушууда эки тарап үчүн өзгөчө маанилүү болгон багыттар талкууланды:
• Кыргыз Республикасында углероддук кредиттер рыногун өнүктүрүү.
• Айлампалык (жамкыч) экономика технологияларын киргизүү аркылуу чакан жана орто бизнестин туруктуулугун камсыздоо жана ESG-принциптерин интеграциялоо.
• Жапондордун Азиялык азык-түлүк чөйрөсүнүн туруктуулугу боюнча ассоциациясы менен кыргыз агро-тамак-аш ассоциацияларынын ортосунда соода байланыштарын түзүү, өзгөчө жемиш экспортун илгерилетүү.

Биринчи кадам катары, Катчылык жана AIIT Кыргыз Республикасында углероддук кредиттер рыногун түзүү боюнча инвестициялык сунушту биргелешип иштеп чыгууга жана бул багытта жетекчи бизнес-өнөктү аныктоого макулдашышты.

Бул кызматташтык экө өлкөнүн табигый ресурстарын, алдыңкы технологияларын жана бай маданий салттарын айкалыштыруу аркылуу туруктуу өнүгүүгө, инновацияларга жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган.