Print this page

«Бизнес агартуу кербени» Нарын шаарында: 200дөн ашык ишкерлер жаңы мүмкүнчүлүктөр жана колдоолор тууралуу маалымат алышты

Среда, 02 Апрель 2025 10:40

2025-жылдын 1-апрелинде Нарын шаарында «Бизнес агартуу кербени» аттуу ири иш-чара өттү. Ага 200дөн ашык ишкерлер жана жигердүү жарандар катышып, аймакта бизнес жүргүзүүгө байланыштуу реалдуу мүмкүнчүлүктөр жана гранттык, кредиттик программалар боюнча практикалык маалымат алышты. Иш-чаранын негизги максаты — региондордун туруктуу өнүгүүсүнө багытталган механизмдерди жеринде түшүндүрүү болду.

Катышуучуларга мыйзамдардагы өзгөрүүлөр, салык жана эмгек мамилелери тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Ошол эле учурда, ишкерлер үчүн пайдалуу болгон бир катар колдоо инструменттери сунушталды:

— Региондорду өнүктүрүү фонду (КР Каржы министрлигине караштуу) жылдык 2% менен 10 жылга чейинки мөөнөткө бюджеттик кредиттерди сунуштады. Бул каражаттар сүт, эт, картошка, сафлор майын кайра иштетүү, ошондой эле туризм, гидроэнергетика жана балык чарбачылыгы сыяктуу тармактардагы долбоорлорго багытталат. «Биз Нарын облусунан сапаттуу бизнес-долбоорлорду күтөбүз. Бардык мүмкүнчүлүктөр бар — каржылоо жеткиликтүү», — деди фонддун өкүлү.

— Туризм багытында да кеңири мүмкүнчүлүктөр сунушталды: «Салкын-Төр» жаратылыш паркынын реконструкциясы, Нарын аэропортунун курулушу, «Теңир-Тоо» туристтик брендинин ишке кириши, геопарктарды түзүү, кышкы туризмди өнүктүрүү, жана visitnaryn.kg платформасынын ишке кириши. «Нарын ички жана тышкы туристтер үчүн тартуу борборуна айланып баратат. Бизнестин буга даяр болушу абдан маанилүү», — деп белгиледи презентациянын координатору.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар суроолорду берип, жигердүү талкуу жүрдү. Айрыкча МЖӨ (мамлекеттик-жеке өнөктөштүк) темасы кызыгууну жаратты: «Жергиликтүү ишкерлер кичи жана орто долбоорлордон баштап, ири долбоорлорго чейин инвестиция салууга даяр. Бирок эрежелерди жана механизмдерди түшүнүү абзел», — деп белгиледи бир катышуучу.

Каржылоого жеткиликтүүлүк маселеси да көтөрүлдү. «Залог маселесине келгенде эле 99% ишкерлер четте калат», — деди Ак-Талаа районунан келген ишкер. Фонд өкүлдөрү бул механизмдин бир бөлүгү экенин жана мүлктү легалдаштыруу зарылдыгын түшүндүрүштү.

Салык маселелери боюнча да активдүү талкуу болду. Катышуучулар дары-дармектерди НДСтен бошотулган тизмеге кошуу сунушун көтөрүштү, ошондой эле ЭТТН (электрондук товардык-ташуу накладнойлору), патенттик система жана практикалык учурлар — чакан парикмахердикти каттоо же мал жаюу менен алектенген адамдардын салыктык милдеттери боюнча суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

Панелдик сессиялар менен катар ишкерлер театрдын фойесинде жеке консультацияларды алышты. Бул үчүн өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик банктардын жана камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү менен консультациялык зоналар уюштурулду.

Иш-чаранын форматы эксперттик баяндамаларды, суроо-жооп сессияларын жана жеке жолугушууларды камтыды. Мындай ыкма актуалдуу мыйзам өзгөрүүлөрү боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга гана эмес, жер-жерлерде ишкерлер туш болгон реалдуу көйгөйлөрдү белгилөөгө мүмкүндүк берди.

Кербендин кийинки токтоочу жайлары: Каракол — 3-апрель, Талас — 8-апрель, Токмок — 10-апрель, Кара-Балта — 15-апрель, Бишкек — 16-апрель.

Уюштуруучулар JIA бизнес-ассоциациясы жана КР  Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы.  

Иш-чара КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Башкы прокуратурасынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, КР УИА караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматы, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ), БУУӨП, ЕРӨБ колдоосу менен өткөрүлүүдө.