Print this page

ЕРӨБ Көз карандысыз баалоо департаменти 2017–2023-жылдар аралыгындагы МЖД натыйжалуулугун баалады

Четверг, 13 Март 2025 10:20

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Көз карандысыз баалоо департаменти 2017–2023-жылдар аралыгында мамлекеттик-жеке диалогдун (МЖД) натыйжалуулугун жана жыйынтыктарын кеңири изилдеди. Анализ 20дан ашуун баалоо отчетторунун негизинде жүргүзүлүп, саясий диалогдун архитектурасын жаңыртылган баалоо менен толукталды. Изилдөөнүн алкагында Кыргыз Республикасы жана Сербия мамлекеттерине өзгөчө көңүл бурулду.

Баалоо Кыргыз Республикасындагы Инвестициялык кеңеш аркылуу жүргүзүлгөн мамлекеттик-жеке диалог өлкөдөгү бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы конструктивдүү диалогдун уланышына өбөлгө түзгөнүн белгилейт. Бул платформа жылдар бою орун алган саясий өзгөрүүлөргө карабастан өзүнүн туруктуулугун жана натыйжалуулугун сактап келет.

Эскерте кетсек, Инвестициялык кеңеш 2007-жылдан бери иштеп келет жана ал жогорку деңгээлдеги мамлекеттик-жеке диалогдун бирден-бир платформасы болуп саналат. Учурда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан көптөгөн демилгелер жана долбоорлор дал ушул Кеңештин алкагында башталган, бул анын мамлекеттик органдар менен бизнес ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун дагы бир жолу тастыктап турат.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Инвестициялык кеңештин негизги жана башкы өнөктөшү болуп саналат жана анын түптөлгөн күнүнөн тартып Кыргыз Республикасында туруктуу жана натыйжалуу саясат диалогун өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошуп келет.

Баалоонун жыйынтыгы (англис тилинде)