Print this page

Эл аралык куруучулар ассоциациясы менен жолугушуу

Среда, 19 Февраль 2025 09:12

Курулуш тармагы Кыргыз Республикасынын экономикасында маанилүү роль ойнойт. Бул тармак инфраструктураны өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүп, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Курулуш индустриясынын өсүшү жарандардын жашоо сапатынын жакшырышына жана аймактардын туруктуу өнүгүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.

18-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгында "Эл аралык куруучулар ассоциациясынын" өкүлдөрү менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү. Ассоциациянын башкармалыгынын төрайымы Айнура Сагын баштаган делегациянын курамында төмөнкү өкүлдөр катышты: төраганын орун басарлары жана аткаруучу директор. Катчылык тарабынан жолугушууга Катчылыктын жетекчиси Улук Кыдырбаев жана эксперттер катышты.

Жолугушууда Ассоциациянын ишмердүүлүгү, максаттары жана курулуш тармагын өнүктүрүү боюнча пландары талкууланды. Ассоциация өкүлдөрү өз ишмердүүлүгү, ири долбоорлору жана курулуш компаниялары туш болгон негизги көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти.

Талкуунун жүрүшүндө негизги көйгөйлөр катары төмөнкүлөр белгиленди:

  • Нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүү;
  • Инвестицияларды тартуу шарттарын жакшыртуу;
  • Курулуш сапатынын стандарттарын жогорулатуу.

Тараптар белгиленген маселелерди чечүүнүн жолдорун карашты, алардын ичинде жаңы технологияларды киргизүү, мамлекеттик жана жеке сектор ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да талкууланды. Ошондой эле, келечектеги кызматташуу пландары белгиленип, Ассоциация тарабынан курулуш индустриясын өнүктүрүүгө багытталган негизги демилгелер Инвестициялык кеңештин күн тартибине чыгарылары макулдашылды.

Бул жолугушуу мамлекеттик органдар менен курулуш бизнесинин ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду. Ассоциация Инвестициялык кеңештин курамына кирүүгө кызыкдар экенин билдирип, курулуш тармагын өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча демилгелерди талкуулоого активдүү катышууга даярдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде, Инвестициялык кеңештин катчылыгы курулуш секторунун өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди колдоого жана Кыргыз Республикасында экономикалык өсүүгө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.