Print this page

Мектепке чейинки билим берүүнү МЖӨ аркылуу өнүктүрүү

Вторник, 04 Февраль 2025 13:06

Мектепке чейинки билим берүү – адам капиталын өнүктүрүүнүн жана коомдун туруктуулугун камсыздоонун негизги багыттарынын бири. Бирок өлкөдө бул тармак бир катар олуттуу көйгөйлөргө туш болууда: балдар бакчаларындагы орундардын жетишсиздиги, инфраструктуранын начардыгы жана каржылоонун жетишсиздиги, өзгөчө алыскы аймактарда. Бул маселеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров да токтолуп: «Өкмөт 2025-жылы өлкөбүздүн тоолуу жана алыстагы райондорунда жашаган, мүмкүнчүлүгү чектелген же аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектепке чейинки билим берүүгө каражат бөлөт» деп белгилеген.

Ушул кырдаалда мектепке чейинки билим берүү тармагына жеке инвестицияларды тартуунун натыйжалуу механизмдерин, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) куралдарын ишке киргизүү күн тартибине чыгууда.

4-февралда Инвестициялык кеңештин катчылыгынын уюштуруусу менен онлайн жолугушуу өтүп, анда мектепке чейинки жана мектептик билим берүү үчүн МЖӨ моделдерин иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, IFC, МЖӨ борбору жана катчылыктын эксперттери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө IFCнин мектепке чейинки билим берүү тармагында туруктуу каржылык моделдерди иштеп чыгууга техникалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ошондой эле жеке инвестицияларды тартуу, жаңы балдар бакчаларынын санын көбөйтүү жана мамлекеттик-жеке сектор ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмин түзүү маселелери каралды.

Талкуунун жыйынтыгында IFC мектепке чейинки билим берүү үчүн МЖӨ моделдерин иштеп чыгуу боюнча техникалык колдоо көрсөтүү маселесин андан ары карап чыгарын билдирди. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги приоритеттүү багыттарды аныктап, туруктуу каржылык механизмдерге негизделген жаңы балдар бакчаларын ачуу зарылдыгын белгиледи. Өз кезегинде, Инвестициялык кеңештин катчылыгы бул процессти координациялап, бардык кызыкдар тараптар менен кеңешүүлөрдү улантып, оптималдуу чечимдерди иштеп чыгуу боюнча иштерди улантат.

Бул багыттагы иштер уланууда жана катчылык мындан аркы кадамдар тууралуу маалымат берип турат.

МЖӨ негизинде балдар бакчаларынын тармагын өнүктүрүү балдардын билим алуусуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө чоң салым кошо алат.