Print this page

Кыргызстандын Креативдүү Индустриялар Паркынын алгачкы ийгилиги

Понедельник, 16 Декабрь 2024 12:46

Инвестициялык кеңештин Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Креативдүү Индустриялар Паркынын (КИП) ийгиликтүү старт алуусу тууралуу жаңылыктар менен бөлүшүүгө кубанычта. КИП Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин мүчөсү болуп саналат жана Парктын ачылышы жана аны колдоо маселелери биздин консультациялык топтордун жолугушууларында активдүү талкууланып келген. Бүгүн биз КИПтин алгачкы маанилүү натыйжаларын көрүп жатабыз.

КИПтин резиденттери алгачкы кварталдын жыйынтыгында 43,5 млн сом киреше тапты. Ассоциациянын жетекчиси Данияр Аманалиев белгилегендей, Паркта азыр 32 резидент бар жана алар digital-реклама, кинопроизводство, IT-продуктылар жана кызматтар, подкасттар, архитектура, сүрөткө тартуу жана онлайн-окутуу сыяктуу багыттарда иш алып барышат.

Биринчи кварталда резиденттер тарабынан төлөнгөн салыктар 1,6 млн сомду түзүп, Парктын дирекциясына 435 миң сом которулду. Бул каражаттар КИПтин каржылык туруктуулугун камсыздап, анын мамлекеттик бюджеттен колдоосуз иштей алаарын тастыктап турат.

Бул ийгилик Кыргыз Республикасынын креативдүү секторунун маанисин жана потенциалын көрсөтүп турат. Биз КИП инновациялардын кыймылдаткыч күчү болуп, өлкөдөгү креативдүү индустриялардын өнүгүшүнө шыктандырып жана колдоо көрсөтөт деп ишенебиз. КИПтин бардык резиденттерин алгачкы ийгиликтүү квартал менен куттуктап, креативдүү экономикага кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдиребиз!