Print this page

Биздин Өнөктөрүбүз

Суббота, 11 Октябрь 2014 00:00

 

 

Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ)


ЕРӨБ өз ишин Кыргыз Республикасында 1993-жылдан тартып баштаган жана азыркы учурга чейин ири суммадагы долбоорлорду, өзгөчө реформа жүрүп жаткан, атап айтсак: тоо кен, энергетика, телекоммуникация жана банк тармактарын, каржылап келе жатат. Мындан сырткары Банк техникалык көмөк көрсөтүү долбоорлорун үзгүлтүксүз колдоп келе жатат.

Европа реконстркуциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инвестициялык кеңешти түзүү демилгесин колдоду.  

ЕРӨБ Инвестициялык кеңештин мүчөсү болуп саналат.

   
     Кыргыз Республикасындагы Европа Комиссиясынын Өкүлчүлүгү


Европа союзу (ЕС) Кыргыз Республикасында Иштөөгө ишеним көрсөткөн өкүл жетектеген Европа Комиссиясынын Региондук Делегациясы менен өкүлдөнгөн, мында Делегациянын Башчысы Алматы шаарындажайгашкан жана аккредитациясы Казак Республикасында,  Кыргыз Республикасында жана Таджик Республикасында бир учурда тең бар.

КыргызРеспубликасындагы Европа комиссиясынын Өкүлчүлүгү  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариатын колдоо» долбоорун колдоого алган. Долбоордун максаты – инвесторлорго кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган мамлекеттик башкаруунун процедураларын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, ошондой эле  Секретариаттын эксперттеринин деңгээлин жогорулатууга Инвестициялык кеңешке көмөк көрсөтүү. Ушул долбоор ишкерликтин ишин алып баруу үчүн ыңгайлуураак шарттарды түзүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган. Чечимдерди кабыл алууда жана эң алгач коррупцияны төмөндөтүүдө субъективдик факторду жоюу максатында,  долбоорду ишке ашыруу  жөнгө салууну жана мамлекеттик бийлик органдарынын ишкерлик субъектилердин экономикалык ишине кийлигишүүсүн кыскартуу боюнча оңтой шарт түзүүгө, ошондой элеуруксат берүүчү регулятивдик саясат чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны реформалоо процессин баштоого  мүмкүндүк берет.

   
     Организация по безопасности и сотрудничеству в Европе (ОБСЕ)

ЕККУ
экономикалык өнүгүү программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инвестициялык кеңештин сайтын түзүүнү колдоду
   
     Азия Өнүктүрүү Банкыжана Кыргыз Республикасы


АӨБ бул 67 өлкө-мүчөлөрүн, анын ичиндечөлкөмдөгү 48 өлкөнү  жана  дүйнөнүн башка тараптарындагы 19 өлкөнү өз карамагына киргизген көп тараптуу өнүктүрүү банкы. Өнүгүп жаткан өлкө-мүчөлөрүнө жардам берүү үчүн АӨБ тарабынан колдонулуучу негизги инструменттер катары иштеп чыгуу, зайымдарды, негизги капиталга инвестицияларды берүү, кепилдик, гранттар, ошондой эле техникалык жардам (ТЖ) маселелери болуп саналат.  Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инвестициялык кеңештин мүчөсү болуп саналат.

   
     Deutsche Gesellschaft für Technische Zusammenarbeit GmbH (GTZ)


Немис Техникалык Кызматташтыкөз ишин Кыргыз Республикасында 1993-жылдан тартып баштады.Алгачкылар болуп экономиканын, кесиптик окутуунун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү боюнча, ошондой эле Ош областында чакан фермаларды колдоо үчүн түзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча долбоолорсаналат. Уюмдун ишинин башка багыттары - “Үмүт” балдарды реабилитациялоо борборуна, ошондой эле айлана чөйрөнү коргоого басым жасалган Ысык-Көл аймагындагы биосфераны сактоо чөйрөсүнүн алкагында жер пайдаланууга көмөк көрсөтүү.  

Мындан тышкары, Кыргызстан-Германия кызматташтыгынын өнүгүшүнүн алгачкы этабында саясий маанидеги долбоорлор башталган: саламаттыкты сактоонун саясаты боюнча, улуттук статистиканын жана камсыздоонун тутумун түзүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандык укугун эл аралык келишимдерге ылайык келтирүүгө карата белгилүү юридикалык маселелер боюнча  консультацияларды жүргүзүү.  Долбоордун натыйжасында, башкалардын арасында, эмгек жана иш менен камсыз кылуу саясаты боюнча, Кыргызстанда алгачкы болуп  бизнес-инкубаторлор түзүлдү, ошондой эле Бишкектеги иш менен камсыз кылуу кызматында эмгек маселелери боюнча  консультация бөлүмү  ачылды. Мындай тажрыйба Кыргызстандын башка областтарында да орун алды.

2001-жылы, Германия өкмөтү, техникалык жардамды пайдаланууну жакшыртуу боюнча саясатка негизденип, (өнүгүүнүн натыйжаларын күрсөтүү максатында), "Экономикалык Реформага жана Рыноктук Системаны Өнүктүрүүгө" көңүл буруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макуулдашууга жетишти. Бул тармак жеке секторду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү, кесиптик окутуу жана финансы системалары сыяктуу багыттарды өзүнө камтыйт.  НТКнын учурдагы долбоорлорунун көбү ушул контекстте ишке ашырылып жатат. 

   
     Кыргыз Республикасындагы Кызматташуу боюнча Швейцария Бюросу


Швейцария Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүн  20 жылдан бери колдоп келе жатат. Швейцариянын өнүктүрүү боюнча уюмдарыныналгачкы миссиялары өлкөгө 1993-жылдан тартып каттай баштады. Кыргыз Республикасынын жана Швейцариянын өкмөттөр аралык кызматташуу жөнүндө расмий келишимине 1994-жылдын 14-ноябрында кол коюлду. В 1995-жылы  Швейцария Кыргызстанды өнүгүүгө жардам берүү үчүн  приоритеттүү өлкө деп жарыялады.  

Кызматташуу боюнча Швейцария Бюросу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инвестициялык кеңештин ардак мүчөсү болуп саналат, ошондой эле  Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жана «Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү.Көйгөйлөр жана келечеги» сыяктуу долбоорлорду колдоп келди.

   
    Дүйнөлүкбанк


Дүйнөлүк банк өнүгүү процессине көмөк көрсөтүп жаткан эң ири дүйнөлүк уюмдардын бири болуп саналат. Дүйнөлүк банктын негизги максаты - калктын жакыр жашаган катмарларына жана кедей өлкөлөргө көмөк көрсөтүү. Банктын миссиясы – бул туруктуу ийгиликке жетүүгө багытталган жакырчылык менен татуулашкыс, профессионалдуу күрөш. Банк ресурстарды жеткирүүгө, маалымат алмашууга, потенциалды чыңдоого жана мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгүн түзүүгө көмөк көрсөтүп, элдерге өздөрүнө жана курчаган чөйрөсүнө камкордук көрүүгө жардам берет.

Кыргыз РеспубликасыДүйнөлүк банкка 1992-жылы кошулду.Дүйнөлүк банк, өлкөнүн өнүгүү Стратегиясында Өкмөт тарабынан белгиленген өнүгүүнүн приоритеттүү багаттарына негизденип, өлкөгө жардам берүүдө. 1992-жылдан тартып Дүйнөлүк банк Кыргызстандын 43 долбооруна 832 миллион АКШ долларлык жалпы суммадагы насыяларды жана гранттарды жактырды.

Кыргыз Республикасына акча каражаттары эң эле ыңгайлуу шартта берилди: төлөө мөөнөтүн он жылга узартуу менен 40 жылдык мөөнөткө пайызсыз насыялар берилди.  2003-жылдан тартып 2005-жылдын июлуна чейин жардамдын жарымы грант түрүндө берилип, 2005-жылдын июлунан тартып  каржылоонун бардыгы гранттык негизде жүргүзүлүүдө.

 

  Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу


Кыргызстанда бизнес курууга, жана натыйжа катары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө  жол тоскон тоскоолдукдарды табууга багытталган глобалдуу жөнгө салуучу реформа киргизилди – бул «Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу» (ЖСТТ). Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЕККУнун Бишкектеги Борбору менен бирге ишке ашырылууда жана негизги аткаруучу органдарды камтыйт. 

Толук маалымат