Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2017-жылдын 21-сентябры

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу 
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун 
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2017-жылдын “21” сентябры
13:30-15:00

Отурумдун өткөрүү орду:
Бишкек шаары
«Жаннат Ридженси» мейманканасы

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 2017-жылдын 23-июнундагы чечимдерин аткаруу жөнүндө
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.
Комментарийлер: Кеңештин мүчөлөрү


2. Кыгыз Республикасынын Социалдык фондунан камсыздандыруу төгүмдөрүн администрациялоону салык органдарына өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгын презентациялоо жана республикалык деңгээлде функцияларды толук өткөрүп берүү боюнча андан аркы кадамдар жөнүндө
Баяндоочулар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы О. Абдыкаимов, КР Социалдык фондунун төрагасы Т. Абжапаров
Комментарийлер: Жеткирип берүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти Г.Т. Үскөнбаева


3. Зергерчилик тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
Баяндоочу: А.Чекирова
Комментарий: КР Экономика министри А.Новиков

4. Таштарды иштетип чыгуу секторун колдоо маселелери
Баяндоочу: «Кыргыз стоун» таш иштеп чыгуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору С. Карпович
Комментарийлер: КР Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы У. Рыскулов