Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2014-жылдын 27-марты

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2014-жылдын 27-марты
15:00-16:30
Отурумдун өткөрүү орду:
КР Өкмөт Үйүнүн
Чарчы залы


1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 2013-жылдын 18-декабрындагы он төртүнчү отурумунун чечимдеринин аткарылышы жөнүндө
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.

2. Бирдиктүү салык декларациясын жана накталай эсептешүү боюнча жүргүзүлүүчү жеткирүүлөргө КНСти чегерүүнү киргизүү боюнча Өкмөттүн демилгелеринин көйгөйлүү маселелери
Баяндоочу: Бишкектеги Ишкерлер клубунун аткаруучу директору Е. Жуманов, КР Финансы министри О. Лаврова, КР Экономика министри Т. Сариев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы И. Масалиев.

3. «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» КР жаңы Мыйзамынын алкагында ЭЭЗдин субъектилерин укуктук жөнгө салуу
Баяндоочу: ЭЭЗдин инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору А.Кошоев. Комментарий: КР Экономика министри Т. Сариев.

4. Ар кандай маселелер:

4.1. Электр байланыш операторлорунун тарамдарына (сети) СОРМду (ыкчам-издөөнү камсыз кылуучу техникалык каражаттар тутумун) киргизүү маселелери жөнүндө
Баяндоочу: Байланыш операторлору ассоциациясынын аткаруучу директору А. Баканов

4.2. Чет өлкөлүк жарандар үчүн турак жайга жетүүнү татаалдаштыруу аракеттери жөнүндө
Баяндоочу: Бишкектеги Ишкерлер клубунун аткаруучу директору Е. Жуманов

4.3. Квалификациялуу адистерди тартуу максатында чет мамлекеттердин мигранттары үчүн Кыргыз Республикасында иштөөгө уруксат алуу процедураларын жеңилдетүү жөнүндө
Баяндоочу: “Жаңы экономикалык демилгелер” Кыргыз-Россия ассоциациясынын башкармасынын мүчөсү М. Ивченко

4.4. Бишкек жана Ош шаарларындагы айыл чарбалык эмес багыттагы жерлердин зоналык коэффициенттеринин чектик өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Баяндоочу: Салык консультанттар палатасынын төрайымы Т. Ким.
Комментарийлер: КР Финансы министри О. Лаврова, КР Экономика министри Т. Сариев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы И. Масалиев.